Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Вашингтон Пакистандын өкмөтүнө колдоо көрсөтө берет


Вашингтон Пакистанга жана анын демократиялык жол менен бийликке келген өкмөтүнө колдоо көрсөтө берет. Бул тууралуу АКШнын Ооганстан жана Пакистандагы атайын өкүлү Ричард Холбрук билдирди. Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Холбрук мырза Пакистан ислам согушкерлерине каршы өз аймагында чабуул коюу менен өзүнүн милдеттемелерин аткарышы керектигин кошумчалады. Маалым болгондой бул күндөрү Пакистандын түндүк-чыгышында жоокерлер талип согушкерлерине карата масштабдуу операцияны ишке ашырууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG