Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

“Жашылдар” партиясы: Э. Бөлөкбаевдин камалышы –саясий буйрук


Мындай пикирин бүгүн “Жашылдар” партиясынын жаш канатынын лидери Каныбек Сарымсаков маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматы боюнча 26-апрель күнү Петровкада болгон чатактын чыгышына Эркин Бөлөкбаевдин эч кандай тиешеси жок, аны Москва районунун тургундары чатак чыккандан кийин өздөрү чакырышкан. Ал эми БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин айтуусунда Эркин Бөлөкбаевди кармаган учурда милиция кызматкерлери аны сабоого чейин барышып, андан кийин аны дарыгерлер кароосуна мүмкүнчүлүк беришкен эмес. “Аны милиция кызматкерлери кармашты деп айтууга болбойт, Бөлөкбаевди күч менен уурдап алып кетишти. Бүгүнкү күнгө чейин анын акыбалы кандай экендигин эч ким билбейт, анткени Бөлөкбаев менен жолугушууга эч ким киргизилбей жатат,” дейт Т. Тургуналиев.
“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев 27-апрелде Петровкадагы окуяга байланыштуу камакка алынып, 29-апрель күнү 1-Май райондук соту тарабынан аталган жаңжалдын келип чыгышына себепкер катары 2 айлык мөөнөткө эркинен ажыратылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG