Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Кызыл Чырым Ооганстандагы аба соккуларынан жөн-жай тургундар мерт болгонун ырастады


Кызыл Чырым уюмунун айтымында, көптөгөн адамдар, анын ичинде аялдар менен жаш балдар да Ооганстандын батышында ушул аптада жасалган аба соккулары учурунда каза тапкан. Фарах деген провинциянын полиция башчысы Абдул Гафар Ватандардын билдиргенине караганда, баштапкы иликтөөлөр дүйшөмбү жана шейшемби күнкү уруштардын учурунда орун алган аба соккуларынан согушка тиешеси жок 100дөн ашуун адам мерт болгонун көргөздү. Жергиликтүү бийликтер курмандыктардын саны көбөйүүсү мүмкүн деп кооптонууда. АКШ бул инцидент иликтенерин билдирди.

Согушкерлерге каршы деп багытталган аба соккулары учурунда жөн-жай тургундардын да каза табышы - АКШ жана Ооганстан өкмөттөрү ортосунда карама-каршылыкты жараткан маселе. Ооган президенти Хамид Карзайдын айтымында, ал бул маселени бүгүн Вашингтондо АКШ президенти менен жолуккан учурунда көтөрөт.

XS
SM
MD
LG