Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Ө. Текебаев: “Ак жолго” уруксат, калганына жокпу?


Казакстандык саясатчы менен журналист Кыргызстанга саясий буйруктун негизинде киргизилген жок. Мындай пикирин “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Партия төрагасынын ою боюнча бийлик мындай кадамдарга өзүнө оппозиция болгон саясий партиялардын колу-бутун түрдүү жолдор менен тушоо аракетинде барып жатат. “Ак жол” партиясы өзү Кытайдан, Казакстандан өкүлдөрдү чакырып, кызматташып атат. Эмне үчүн мындай укукка башка саясий партиялар ээ боло албашы керек?” деп суроо койду оппозиционер.
4-май күнү “Ата мекен” партиясынын чакыруусу менен келе жаткан казакстандык өкүлдөр: “Казакстан” социал-демократиялык партиясынын мүчөсү М. Сабитова менен көз карандысыз журналист В. Ковтуновскийди кыргызстандык чегарачылар өлкөгө кийирбей коюшкан. Чегарачылар аларга 2019-жылга чейин Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынгандыгын эскертишкен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG