Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Бишкек медициналык окуу жайына бюджеттен 1 млн. сом бөлүнбөй калган


Башкы прокуратура бүгүн тараткан маалыматка караганда Бишкек шаардык каржы башкармасына, анын орун басарына, Бишкектеги медициналык окуу жайдын мурдагы директоруна каршы кылмыш иши козголду. Мамлекеттик кызматкерлерди баш прокуратура Кылмыш кодексинин "шалаакылык" беренеси боюнча айыптап атат. Маалыматка караганда 2009-жылдагы шаардык бюджеттин долбооруна аталган окуу жайдын чыгашалары кирбей калган. Натыйжада айлык маяна, стипендия үчүн карыз 1-апрелде 1 118 200 сомго жеткен. Муну баш прокуратура аталган жетекчилердин жоопкерсиздигинин, билип туруп жол бергендигинин кесепети деп жатат. Айыпталып жаткан тараптын буга карата мамилеси беймаалым. (BuS)

XS
SM
MD
LG