Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Баткенде селдин кесепеттери иликтенүүдө


Баткенде үч күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селдин келтирген зыянын атайын түзүлгөн комиссия эсептей баштады. Бул тууралуу облустук акимчиликтин маалымат кызматынан 6-майда «Азаттыка» билдиришти. Маалыматка караганда, 3-4-5-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам пайда болгон сел Баткен районунда беш үйдү короо-жайы менен кошо каптаган. Андан тышкары Лейлек районунун бир катар айылдарында ички чарбалык арыктарды, жолдорду, көпүрөлөрдү жабыркатты. Азыркы мезгилде өзгөчө кырдаал министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрү жана айыл тургундарынын жардамы менен табийгат кырсыгынын кесепеттерин четтетүү боюнча иштер жүрүп жатат. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG