Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:26

Кыргызстандык Салимзода Тажикстанда 29 жылга кесилди


Кыргызстандык мурдагы аскер кызматкери Мухамади Салимзоданы 6-майда Тажикстандын Жогорку Соту мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап, 29 жылга жаза чектеди. Мындай маалыматты "24 kg" агенттиги офицердин кызына шилтеме берип таратты. Бишкектен Дүйшөмбүгө кызынын тоюна барган Салимзоданын Улуттук Коопсуздук кызматы былтыр камакка алган. Аны экстрадициялоону сураган жакындарынын кайрылуусуна Кыргызстандан расмий кандай жооп болгондугу белгисиз. Буга чейин Кыргызстандын Коргоо министирлиги мурдагы офицердин акыркы ишмердүүлүгү боюнча маалымдар эместигин, ал эми Коопсуздук Комитети анын атайын кызматка тиешеси жогун билдиришкен. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG