Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Прагада Евробиримдиктин "Чыгыш өнөктөштүк" саммити ачылат


Бүгүн Чехиянын ордо калаасы Прагада Евробиримдиктин "Чыгыш өнөктөштүк" саммити ачылат. Ага экс-советтик алты өлкө - Украина, Грузия, Азебайжан, Армения, Молдова жана Беларустун өкүлдөрү чакырылган. Прагага беларус жана молдован президенттери келбей калышты. Алардын ордуна өкмөттүн вице-премьерлери катышат. "Алтылыкты" Евробиримдикке мүчө кылуу планда жок, бирок аларга биримдик 2013-жылга чейин 600 миллион евро бөлүп, саясий жана экономикалык жактан жакындашууну, мамлекеттик институттарын бекемдөө, чек араларын чыңдоо ишине көмөктөшкүсү келет. Орусия Евробиримдиктин "Чыгыш өнөктөштүк" программасынан Батыштын саясий экспанциясын көрүп, саммиттин өткөрүлүшүнө каршылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG