Колдоруна плакат кармаган 10-класстын он бешке чукул окуучусу классташы Анатолий Плипенкону актоону жана акыйкат чечим чыгарууну Жогорку Соттон талап кылышты. Өткөн жылы жайында Чолпон-Ата шаарындагы пансионаттын бирине Бишкектен эс алууга барган А.Плипенкого дискотекада таш менен бир кызды башка коюп өлтүргөн делип айып тагылууда. 8 айдан бери камакта жаткан Плипенкону район аралык сот актап, Ысык-Көл облустук соту аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Бүгүн бул иш Жогорку Сотто каралып, талаш-тартыштар болуп кеткенине байланыштуу 12-майга жылдырылды. (AJ)