Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

“Азаттыктын” кабарчысы А.Саипов атындагы сыйлыкка татыды


“Азаттыктын” Ош облусундагы кабарчысы Жанар Акаев журналист Алишер Саипов атындагы сыйлыктын “Кесибине берилгендиги үчүн” наамындагы сыйлыгына татыды. Жылына бир жолу берилүүчү сыйлыктын “Жарандык активдүү туруму үчүн” наамындагы сыйлыгын “Ачык өрөөн” деген телерадиоберүүлөрдүн жетекчиси Ойбек Хамидов, “Адам укуктарын кастарлоосу үчүн” деген сыйлыкты “Борбор Азиянын эркиндик үнү” деген укук коргоо Интернет порталынын кабарчысы Илья Лукашов алды. Алишер Саипов атындагы сыйлык Борбор Азиядагы кесипкөй чыгаан жаш журналисттерге ыйгарылат. Сыйлыкты Алишер Саипов 2007-жылы атып өлтүрүлгөндөн жарым жылдан кийин бир нече укук коргоо жана маалымат уюмдары биргелешип уюштурушкан.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG