Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

“Трибуна” гезитинин баш редактору сабалды


“Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковду бүгүн белгисиз 5-6 адам “Учкун” басмаканасынын жанынан токмоктоп кетишти. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, окуя редактор жана белгисиз адамдар түшүп келаткан эки машинанын жол талашуусунан кийин болгон. Жол талашкан адамдарга Өмүрзаков өзүн журналист деп тааныштыргандан кийин алардын ичинен аны бирөө тааныган менен токмогун токтотушкан эмес. Сейитовдун айтымында, азыр кызматтык иликтөө башталып, белгисиз адамдар түшкөн машина кармалды. Азыр анын ээси жана түшүп бараткан адамдар кимдер экендиги, журналистти эмне үчүн токмоктошкону иликтенип жатат. Ал эми Ырысбек Өмүрзаков “Азаттыкка” сабаган адамдар милиция кызматкерлери болушу мүмкүн, себеби алар журналисттик кесиби үчүн өч алгысы келгендей сөздөрдү айтышты деп билдирди. ИИМдин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов мындай негиз боюнча так маалымат 8-майда берилээрин билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG