Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Кризис туризмди да тушадыбы?


Кыргызстандын туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Турусбек Мамашев өлкөдөгү быйылкы туризм сезонуна даярдыктар, бул тармактагы абал тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Быйылкы кризис жылында туризм сезону кандай болот деп күтүлүүдө сиздер тараптан?

- Азыр алдын ала божомол берүү кыйын, бирок бул кризис сөзсүз түрдө туризмге дагы зыянын тийгизет. Биз март айында биринчи тегерек үстөл өткөрдүк, бүт Кыргызстандагы туризмге байланыштуу мекемелердин баарын чогултуп, алдын ала даярдык көрүү боюнча. Бүгүн биздин экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлиги менен бирдикте Кыргызстандагы баардык туризмге тиешеси бар мекемелердин баарын чогултуп экинчи тегерек үстөлдү өткөрөлү деген ниетибиз бар. Бул жерде биз түшүндүрөбүз, негизинен биз Орусияда, Казакстанда, башка дүйнөлүк туристтик көргөзмөлөргө катышып келдик. Бул жерде баардык өлкөлөр кризис мезгилинде өзүнүн атайын программасын даярдады.

Бул программалар кандай? Бул бааны төмөндөтүп, жылда келген туристтердин санын азайтпай, жок дегенде ошону кармап калууну максат кылып, ошонун үстүнөн иштөө. Биз дагы бекер отурбастан бүгүнкү күндө туристтик тармакта иштеген баардык жеке ишканаларга түшүндүрмө берип, биз дагы ушундай жолго өтөлү, туристтерди сактап калалы, бааңарды арзандаткыла, бирок ошону менен бирдикте эле тейлөө сапатын көтөрөлү, бизге келген туристтерге көңүлүбүздү буруп, алардын коопсуздугуна, эс алуусуна шартын түзгөнгө аракет жасайлы деп, ошого жараша иштерди жүргүзүп атабыз. Кудай буюрса эгер былтыркы жетишкендиктерди ошол деңгээлде сактап кала турган болсок, бул биз үчүн чоң жетишкендик болуп эсептелет.

- Кризиске байланыштуу Түркияга жана башка чет жерлерге барып эс алуучулар азаят, ошол эле эле коңшу Казакстан, Орусиядан Ысык-Көлгө келгендер көбөйөт деген да сөз болгон эле?

- Биз өткөн жумада эле Казакстандагы туристтик көргөзмөгө катышып келдик. Казакстандык туугандар баардыгы бизге келебиз деп атышат. Эми азыр баалар көтөрүлдү учактарга, анан бир аз алыс. Казак туугандар “бизге көлгө барып эс алган жакшы, бирок бааңарды бир аз төмөңдөтсөңөр, жакшынакай шарт түзсөңөр, сиздерге барып эс алабыз” деген ниеттерди айтып атат. Аны менен катар бир топ проблемалар бар, аны биз чечишибиз керек. Маселен, чек арадан өтүү маселеси. Алар жети сааттан он саатка чейин туруп калып атабыз деп, негизинен өздөрүнүн чек ара кызматкерлерине нааразы. Биздикинде андай көп турушпайт. Биз бул маселени чечкенбиз. Биз азыр тышкы иштер министрлиги менен бирдикте муну да чечебиз деген ниетте турабыз. Себеби кризистен пайдаланып биз көбүрөөк туристтерди тартууга аракет жасашыбыз керек.

- Кыргызстанга Ысык-Көлдөн башка аймактарга туристтерди тартуу, ошол эле мезгилде Борбор Азия регионун бирдиктүү туристтик айлампага айлантуу, Кыргызстанга келгендерди Өзбекстан, Казакстан жана башкаларга өтө ала турган бир шарт түзүү аракети байкалган эле. Бул багытта кандай иштер жүрүп атат?

- Азыр биз жылдан-жылга сезондук туризмден акырын өтүп атпайбызбы, жылдын бүт баардык айларында бизге келген эс алуучуларга шарт түзгөнгө өтүп, азыр сезон дегенди унутуп баратабыз. Эгер былтыр көлдө 750 миң эс алуучу эс алса, дээрлик Кыргызстанга келгендердин саны 2 млн. 400 миң болуп атпайбы. Карабайсызбы, туристтердин дээрлик көпчүлүгү, 60 пайызы башка аймактарда, маселен ошол эле түштүк тарапта да эс алып кетишет. Түштүккө Совет мезгилинде 2-3 миллионго жакын туристтер келип эс алчу экен, Жалал-Абаттын курортторуна, Ош, Баткендин кооз жерлерине келип эс алчу экен. Эми азыр биз өзүбүзгө максат коюп атабыз, ушул жакты да ошол деңгээлге чыгаралы деп. Мына быйыл биз үчүнчү туристтик жарманке өткөрөбүз “Ош - Улуу жибек жолунда” деген. Оштогу Сулайман-Тоо жибек жолунун объекти болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө туристтердин арасында жибек жолу өткөн өлкөлөргө барып көрөбүз, катышабыз, эс алабыз дегендердин саны көбөйүп атат. Ошон үчүн түштүк тарапка да көбүрөк көңүл буруп, экономиканы көтөрөлү деген жакшынакай ниетибиз бар.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG