Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

АКШ менен Орусия ортосундагы мамилелер оңоло баштады


Президент Барак Обама АКШ менен Орусия ортосундагы мамилелер оңоло баштаганына үмүт артты. Бул тууралуу Обама Ак үйдө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин айтты. Өз кезегинде Лавров АКШ менен Орусия өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча жаңы макулдашууну түзүү үчүн прагматикалык жол табууга аракет жасап жатканын белгиледи. Жолугушуу маалында президент Обаманын июль айына белгиленген Москвага сапары талкууланды. Кечээ Вашингтондо Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен да жолугушту.

XS
SM
MD
LG