Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Өзбек бийлиги Чек айлындагы кырдаал боюнча Бишкек жиберген нотаны түшүнбөдү


Өзбекстандын мамлекеттик чек араны коргоо комитети тараткан билдирүүдө Чек айлы Өзбекстандын карамагында экендиги белгиленип, 19-апрелде өзбек чек арачылары тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды кыргыз тарап “мыйзамсыз” деп тапкандыгы түшүнүксүз болуп жаткандыгы айтылган. Анда белгиленгендей Янги-Чек (Чек) айылы кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык келишимге ылайык, Өзбекстандын карамагында болуп эсептелинет. Өзбек тараптын билдирүүсүндө “мындай өктөм мазмундагы билдирүүлөр өзбек-кыргыз чек арасындагы кырдаалдын чыңдалышына жана татаалданышына алып келиши ыктымал,” деп айтылган. Буга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлигинен азырынча эч кандай жооп боло элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG