Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

Президент Жеңиштин 64 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады


“Биз кан-жанын аябастан Ата Журтту фашизмден коргогондорго, нацисттердин концлагерлеринде курман болгондорго, Улуу Жеңиш үчүн оорукта күнү-түнү эмгектенгендерге, ХХ кылымдын эң кандуу согушунда аман калып, келечек муун үчүн талыкпаган эмгеги менен өз жерин кайрадан калыбына келтиргендерге таазим этебиз,” деп айтылат куттуктоодо. Ошондой эле мамлекет башчы күндөн-күнгө катары суюлуп бараткан ардагерлерди мамлекет тиешелүү деңгээлде колдой албай жаткандыгын мойнуна алуу менен жакында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө жарлыкка кол коюлгандыгын, ага ылайык согуштун майыптарына жана катышуучуларына, ооруктун катышуучуларына, концлагерлердин жашы жетпеген туткундарына, согушта курман болгон жоокерлердин үйбүлөлөрүнө бир ирет бериле турган кошумча жөлөкпул чегериле тургандыгын кошумчалап кеткен. Бул тууралуу президенттик басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG