Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Мирослав Ниязов: Оппозицияда он "кочкор" жүрөт


БЭКтин саясий кеңеши Темир Сариевди биримдик принциптерин бузгандыгы үчүн 7-майда өзүнүн катарынан чыгарды. Шайлоо алдындагы бул ызы-чуу оппозициядагы ыдыроонун башталышы эмеспи? Мына ушундай суроонун айланасында “Азаттык” менен Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов ой-пикир бөлүштү.

-Мирослав мырза, сиз оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын катарына кирбесеңиз да, азыркы бийликке оппозициялык пикириңизди ачык айтып келесиз. Бул өңүттөн алганда БЭКтин мүчөлөрү сиздин пикирлештериңиз десек жаңылышпайбыз. 7-майда БЭКтин саясий кеңеши Темир Сариевди өзүнүн катарынан чыгарды. Шайлоо алдындагы бул ызы-чуу оппозициянын ыдыроосунун башталышы эмеспи?

- Биринчиден, мен башынан эле айткам, ушул оппозиция жасалма эле жол менен биригип алган. Анткени кыргыздын жакшы сөзү бар - "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген. Оппозицияда эки эмес, ондой кочкор жүрөт.

Менин кошулбаган себебим, БЭКтин негизги программасына таянганда булар меморандум менен концепцияны бекиткен кышында. Ошол жол менен биз парламенттик республикага өтөбүз дегендей кылып атышат. Мен айткам, парламенттик республика Кыргызстан үчүн утопия. Биз парламенттик республикага бүгүн даяр эмеспиз, партиялар чийки, быша элек али.

Партиялар көпчүлүк болсо дагы жалпы эл бир дагы партияны көпчүлүгү колдоп, көтөрүп кетпейт бүгүн. Ошондуктан мен айткам, 20-30 жылга артка кетсе, анда парламенттик республика болуш керек, тилекке каршы булар ошондой жолго туруп алышты. Мен эч качан мындай күчтөрдү колдой албайм.

Ал эми Сариевдин чыгып кеткени боюнча: Мен Сариевдин программасын билбейм, бирок ал мен элди башкара турган эр жигит, азаматтардан болом, менин дагы күчүм бар дегендей ой менен чыгып кетсе керек. Ошондуктан ортосунда жарака бар болгонун бул аныктап берип атат.

-Сиз өзүңүз оппозициянын кайсы талапкерине көз карашыңыз боюнча жакынсыз. Маселен, Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, же Темир Сариевгеби? Мүмкүн өзүңүздүн талапкерлигиңизди ойлоп жатасызбы?

- Ачыгын айтканда бүгүн Кыргызстан өтө оор акыбалга келип калды. Бүгүн бизге жөнөкөй эле бийлик алмаштырган жолдун кереги жок. Бүгүн бизге жаңы саясий күчтөр керек, Кыргызстанды кризистен, саздан чыгарып кетип, мамлекетти бүтүн боюнча калтырып, өлкөнүн коопсуздугун сактап берген, мамлекеттин келечегин көрсөтүп берген күчтөр керек болуп атат.

Ачыгын айтканда, мен бүгүнкү күчтөрдүн биринин дагы Кыргызстанды саздан чыгарып кетерине көзүм жетпей атат. Мен жөнүндө сөз болсо, мен айтып коеюн, чыгыш мамлекеттерде бийлик алмашуу деген өтө оор жол менен өтөт. Эки эле жол бар, же бийликте турган адамдын көзү жумулат, же болбосо эл күч менен сүрүп чыгат бул бийликти. Көпчүлүк мамлекетте башка жол жок.

Тилекке каршы, бизде дагы жол ошондой. Келе жаткан шайлоода эки эле жолу бар бийликтин: биринчи - шайлоонун жыйынтыгын будамайлоо, экинчи - эл нааразычылыгын билдирсе, ошол нааразычылыкты күч менен басуу.

Дагы бир себеп - азыркы шайлоого эл дагы кайдыгер болуп калды. Эл катышпайт. Анткени жалпы эл билет, бул шайлоонун жыйынтыгы будамайланып, бийлик өзүнүн кызыкчылыгына баарын буруп саларын.

Ошондуктан адамдын, граждандын эркин алып салган, ал шайлоого барабы же барбайбы, анын ою эч эсепке алынбай калды, бийлик билгенин жасап алат. Бирок ошону менен элдин арасында нааразычылык көбөйө берет. Бүгүнкү бийликке ишеним жок болсо, нааразычылыктын да чеги болот, жарылганда кайра эле өтө оор жолго түшүп калабыз.

-Мирослав мырза, сиз көптөгөн жылдар бою атайын кызматтарда иштедиңиз. Коопсуздук кеңешин башкардыңыз. Жалал-Абад облусунун Чек айылындагы өзбек тараптын аракетин, ага биздин бийликтин реакциясын кандай баалайсыз?

- Мен айтып коеюн, бизде Кыргызстанда коопсуздук система жок. Ички коопсуздук системабыз, тышкы коркунучтардан сактоочу дагы системабыз жок. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин түзүлүшү боюнча тажрыйбасы жок бийликтер келип атышат.

Алар өзүлөрунүн кызыкчылыгы менен, оокаты менен алек болуп, мамлекет деген бул кандайдыр башка нерсе болуп калды. Бизде коопсуздук системасы жок. Тыштан кандай коркунучтар келсе, биз ага даяр эмеспиз. Ички коркунучтар да бар, ага дагы даяр эмеспиз.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG