Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

“Сөз эркиндиги жөнүндө эркин” сынагында кыргызстандык журналист жеңишке жетишти


Борбор Азиядагы журналисттер арасында өткөрүлгөн сынакта “Дойче велли” үналгысынын Кыргызстандагы кабарчысы Виталий Катаргин 1-орунду ээледи. Ал эми 2-орунду тажикстандык, 3-орунду болсо казакстандык журналисттер алышты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар бүгүн тапшырылды. Мындан тышкары бүгүн Кыргызстандагы карикатуристтер сынагынын да жыйынтыгы чыгарылды. Анда Михаил Томилов 1-орунду алды, 2-орунга студент-дизайнер Абдырахман Кадырбеков, 3-орунду “Аятпресс” басылмасынын карикатурист сүрөтчүсү Ринат Мамытбеков утуп алышты. Карикатура жанрындагы сүрөттөр сынагына 9 сүрөтчү катышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” сынакты уюштуруучулардын бири - “Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мэри Бекешова маалымдады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG