Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргызстандын нааразылык нотасына өзбек тарап расмий жооп бере элек


Бул тууралуу "Азаттыкка" ТИМдин КМШ мамлекеттери боюнча башкармалыгынын башчысы Артур Матыев билдирди. Анын айтымында, министрлик нотага жоопту Өзбекстандын чек ара кызматынан эмес, тышкы иштер министрлигинен күтүп жатат жана интернетке жарыяланган ар түрдүү маалыматтар расмий болуп эсептелбейт. 30-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-өзбек чегиндеги Чек айылындагы кырдаалга байланыштуу Өзбекстандын Бишкектеги элчисине нааразылык нотасын тапшырган. Бирок өзбек тарап ага азырынча расмий түрдө тиешелүү түрдө жооп бере элек.

Бүгүн Өзбекстандын мамлекеттик чек араны коргоо комитети тараткан билдирүүдө Чек айылы Өзбекстандын карамагында экендиги белгиленип, 19-апрелде өзбек чек арачылары тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды кыргыз тарап “мыйзамсыз” деп тапкандыгы түшүнүксүз болуп жаткандыгы айтылган болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG