Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

ОшТВнын башчысы шаардык прокуратурага чакырылды


Аталган телекомпаниянын жетекчиси Халилжан Худайбердиев «Азаттыкка» кабарлашынча, мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөөчү органдын өкүлү андан медиа мекеменин күндөлүк жадыбалын жана көрсөтүүлөрдүн тили жөнүндө маалыматтарды сураган. Менчик телеканал кожоюну прокуратура кызматкеринин аракетин кысымчылык катары эсептөөдө. Ош шаардык прокуратурасынан болсо ОшТВ телекомпаниясы гана эмес түштүк борборунда жайланышкан бардык массалык маалымат каражаттары пландуу текшерилип, ММКлар тарабынан тиешелүү мыйзамдардын аткарылышы көзөмөлдөнүп жаткандыгын, мындан саясат жасоонун кажети жоктугун билдиришти. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG