Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Т.Сариев БЭКтин чечимине тынчсыздануусун билдирди


“Ак шумкардын” төрагасы БЭК аны курамынан чыгарганы күтүүсүз болгондугун белгилеп, оппозициядагы ийиндеш, пикирлештери кичине чыдап турбай чечимди өтө шашылыш чыгарды, деп эсептейт. Анын айтымында, БЭКтин талаптары сыяктуу эле буга чейин айтылып келгендей “Ак шумкар” дагы бийлик менен күрөшүн улантып, таза шайлоо өткөрүүгө жана жарандардын добушун, алардын укугун сактоого бардык аракеттерин көрөт. “Биздин максат алдыдагы чоң күрөш азыркы бийликке каршы, дагы эле болсо БЭК менен бирге иштөөгө үмүтүм бар”,-деди Сариев. Кечээ БЭКтин саясий бюросу Темир Сариевди кыймылдын курамынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG