Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Жалал-Aбат облусундагы укук коргоочу Өзбекстандын президентине кайрылмакчы


Кайрылууда Өзбекстандын Фергана шаардык прокуратурасы менен эмгек түзөтүү түрмөсүнүн кызматчыларын кылмыш жообуна тартуу талабы коюлууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Базар-Коргон районундагы адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров билдирди. Анын маалыматы боюнча, район тургуну Назым Мамадалиев токмокко уугуп, 1-майда Фергана шаарындагы ооруканада ажал тапкан. Ал Өзбекстандын аталган шаарында 13-апрелде кармалып, тергөө абагында кыйноолорго туш болгон. Ага коюлган күнөөлөр ойдон чыгарылган. Эжеси анын кургак учук, же боор оорусуна чалдыкканын тастыктаган жок. Фергана шаар прокуратурасынын тергөөчүсү Музаффар Мурзажанов базаркоргондук жарандын уруп-согулганын жокко чыгарып, 2007-жылдан бери издөөдө жургон Мамадалиевдин оорусу соттук-медициналык текшерүүдө аныкталганын, ал мамлекетке 31 миллион өзбек суму өлчөмүндө зыян келтиргени үчүн айыпталганын маалымдаган. (YA)

XS
SM
MD
LG