Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Жайкын тургундар Сваттан качууда


БУУнун качкындар агенттигинин маалыматына ылайык, бир нече күндүн ичинде Пакистандын түндүк-батыш аймагынан жарым миллинго жакын адам жер которууга аргасыз болду же көчүүгө даярданууда. Качкындар боюнча Жогорку комиссариат Сват өрөөнүндө талип согушкерлерине каршы жүрүп жаткан аскерий операция 1 миллиондой адамдын жер которушуна алып келиши ыктымал деп эскертет. Бүгүн Сватта өкмөттүк учактар талиптердин турумдарын бомбалашты. Армиянын өкүлү Насир Хандын маалыматына ылайык, бүгүнкү операциянын натыйжасында 12 согушкер жок кылынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG