Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Кыргызстанда козу карынга уулангандар көбөйүүдө


Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги калкты жапайы козу карындарды терүүнү жана сатып алууну токтотууга чакырууда. 6-майда Чүйдүн Аламүдүн райоунун жети тургуну, анын ичинен төрт жаш бала козу карынга ууланышкан. Азыр экөөнүн абалы оор. Илимий иликтөөлөргө караганда өндүрүш, химиялык ишканалардын жана унаа жолдордун жанында уулуу заттар козу карындарга топтолот. Ушундан улам бул өсүмдүктөр адам өмүрүнө чоң коркунуч келтирет. Адисттердин айтымында козу карындан өзгөчө жаш балдар менен кары-картаңдар тез ууланат. 2005-2006-жылдары өлкөдө бул өсүмдүктөн уулангандар саны көбөйүп, өлгөндөр арбын катталган. Быйыл жаз жаанчыл болгондуктан козу карындар жайнап чыккан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG