Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

“Ак шумкар” партиясы өз лидери Темир Сариевди президенттикке көрсөттү. Президент Курманбек Бакиев өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууну макулдашты. “Жаңы Кыргызстан” партиясы курултайын өткөрүп, Исмаил Исаковду катарынан чыгарды.

Жалгыз учкан "Ак шумкар"

Кыргызстандын саясий турмушу 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого даярдык көрүү менен коштолуп келатат. Мына ошол шайлоонун алкагында президент өкмөттүк эмес уюмдар, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Сокулукта ардагерлер менен жолугушуулар өткөрдү. “Жаңы Кыргызстан”, Коммунисттик партиялар президентти карай ыкташты.

Ал эми оппозиция өткөн жумада чырлуу окуяларды башынан кечирип, реалдуу бөлүнүү жолуна түштү. Бул президенттик шайлоого, оппозициянын келечегине терс таасирин тийгизчүдөй болуп турат.

4-майда “Ак шумкар” партиясы курултайын өткөрүп, анда партия президенттик шайлоого өз алдынча барууну чечип, партия лидери Темир Сариевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү. Темир Сариев курултай чечимин кабыл алып, бирок бул чечим оппозиция
бөлүндү деп айтууга негиз берерин белгиледи:

-Бир четинен талапкерлигибизди коюп чыксак оппозиция бөлүндү дешет. Эгер коюп чыкпасак анда үч жылдан бери келаткан ишибиздин бардыгы тең талаага кетет. Эң негизгиси президенттик шайлоодо партия өзүнүн талапкерин коюп, позициясын көрсөтпөсө ал саясий партиянын кимге кереги бар?

“Ак шумкар” партиясынын лидеринин Бириккен Элдик Кыймылдан четтөөсү партия курултайына чейин эле байкалган. Ал маселен, 25-апрелде БЭК уюштурган элдик курултайга, андан кийин да БЭКтин жыйындарына келбей койгон.

Темир Сариевдин мындай кадамына БЭК 7-майда жооп берди. Бул күнү БЭКтин саясий кеңеши жыйын куруп, анда Темир Сариевди өз катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды. Муну менен БЭКтин калган мүчөлөрү Темир Сариев жалпы оппозициянын атын пайдаланбасын деген ойдо болду окшойт.

Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Бакыт Бешимов БЭКтин чечимин мындай баалады:

- Бул чечим тартипке жана саясатка байланыштуу болду. БЭКтин ичинде бирдиктүү команда, анан бир талапкер деген чечим кабыл алынгандан кийин ошого баш ийиш керек. Ошондуктан бул туура жана өз убагында кабыл алынган чечим деп эсептеймин. Анан бул маселени өтө көп көтөрүп атышат. Бирок чынын айтканда, БЭКтин ичинде бул өтө эле чоң коркунуч эмес. Бирдиктүү түрдө шайлоого кетип баратабыз. Эч кандай бөлүнүү жок. Мисалы, биздин саясий оппонентибиз “Ак жол” өзүнүн ичинде кандай тартипти орнотуп жатса, биз деле ошондой жол менен баратабыз.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов оппозициянын катары мурун эле биримдиктүү болбогонун айтып, Сариевдин кадамын мындай баалады:

- Мен Сариевдин программасын билбейм, бирок ал мен да элди башкара турган эр жигит, азаматтардан болом, менин дагы күчүм бар дегендей ой менен чыгып кетсе керек. Ошондуктан ортосунда жарака бар болгонун бул аныктап берип атат.

Ал эми саясат таануучу Марат Казакпаевдин пикиринде Сариевдин президенттикке аттануусу оппозицияга упай алып келбейт:

-Булардын электораты Атамбаевгеби же Саривгеби деп, кимге добуш беришерин билбей калышат да. Түндүк жакта Темир Сариев көп добуш алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мындай бөлүнүүдөн оппозиция өзү утулуп калат да.

Темир Сариев Өмүрбек Текебаев сымал азыркы бийлик менен кызматташуудан баш тартып, өз позициясын кармап келген көп эмес саясатчылардын бири. Алардын эң бир таасирдүүлөрүнөн. Бирок анын электораты өлкөнүн бардык аймагында бирдей эмес. Өзгөчө түштүк региондордо позициясы өтө алсыз. Андан сырткары “Ак шумкар” партиясынын катарында Сариевдин өзүнөн башка таанымал саясатчылар жок. Ошондуктан Сариев негизинен Чүйдөн добуш алып, натыйжада оппозициянын добушу чачылып кетиши ыктымал.

Темир Сариевдин шайлоодон кийин элдин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калууга негизги көңүл буруу жөнүндө кеп салып жатканына караганда, бийлик менен тил табышуу мүмкүнчүлүгү каралып жатпайбы деген ой пайда болот. Алмазбек Атамбаев да премьер-министрлик кызматка барыш себебин да ушундай жүйөө менен түшүндүргөн жери бар эмес беле...

Оппозициядагы ажырым атайын тактика деген ой да жок эмес. Маселен, саясат таануучу Марс Сариев ушундай оюн билдирген:

- Азыр оппозициянын стратегиясы билинип эле калды, мүмкүн оппозициядан дагы бир талапкерлер чыгат. Менин оюмча, оппозициянын стратегиясы экинчи турга чыгыш керек, ошон үчүн Атамбаев, Исаков, Сариев үчөө чыгат, мүмкүн дагы бирөө чыгат. Экинчи турга чыгып, күчтүн баарын топтоп, бир талапкерди чыгарышат. Эгерде утулуп калса нааразылык үч эсе көбөйөт.

Шайлоо алдындагы бийликтин туура кадамдары

Ошентип оппозиция бөлүнүүнү башынан кечирип жаткан чакта бийликтин айланасындагы күчтөр тескерисинче чогулууда. Маселен, коммунисттик партия курултайын өткөрүп, шайлоодо азыркы президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоорун жарыялап чыкты. Ушундай эле чечимди Үсөн Сыдыковдун “Жаңы Кыргызстан” партиясы да 8-майдагы курултайда кабыл алды. Курманбек Бакиев мына ошону менен коомчулуктун консервативдик бөлүгүнүн колдоосун алууга жетишти.

Ага чейин Курманбек Бакиев өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда коомчулуктун эң активдүү катмары менен тил табышууга аракет жасады. Туура, ал аракет толук максатына жетти деп айтыш кыйын. Анткени жолугушууга өкмөттүк эмес уюмдардын эң таасирлүүлөрүнүн өкүлдөрү келбей коюшту. Маселен, президент менен жолугушууда Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдырасулова, Динара Ошурахунова, Асия Сасыкбаева өңдүү таанымал ишмерлер болгон жок. Бирок кандай болгон күндө бийлик өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууга кадам таштаганын президент Курманбек Бакиев
Ky
жолугушууда билдирди:

-Бул өтө чоң иштин башталышы. Мен сиздердин бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирип жатып, буга чейин эки тараптан тең кемчилик кеткенин белгилеймин. Бирок сиздер мындан аркы ишиңиздерде өзгөрүүнү байкайсыздар. Мен сиздерге ушундай убада берем. Сиздердин сөзүңүздөрдөн улам мен өзүм үчүн жыйынтык чыгардым. Өз ара мамиле түзүүдө буга чейин бейөкмөт уюмдар тарабынын да, бийлик тарабынан да кемчиликтер кетирилгендигине ынандым.

Бирок бийликтин бул кадамы шайлоо алдындагы эле көңүл алуу жүрүшүбү, же мамлекеттин алысты көздөгөн саясаты ушундай болобу деген суроону жаратып турат.

Президент шайлоо жүрүшүн 8-майда Сокулук районунда улады. Мамлекет башчысы оппозиция лидерлеринин бири Темир Сариевдин кичи мекени болгон Сокулук районунда ардагерлерди чогултуп, ал эмес Дүйшөнкул Шопоковдун жубайынан бата алууга да үлгүрдү.

Мына ошентип бийликтин машинасы шайлоо алдында күрдөөлдүү жана пландуу ишке киришип баратат. Ал кампанияга жакын арада “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча келишим да салымын кошчудай болуп турат. Анткени Кыргызстан Электр станциялар акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбековдун билдирүүсүнө караганда, биргелешкен Камбар-Ата-1 акционердик коомун түзүү боюнча кыргыз-орус келишимине ушул май айында кол коюла турган болууда. Акционердик коом түзүлгөндөн кийин ага орус өкмөтү 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүүнү чечери белгилүү. Демек бул иштер да президенттин шайлоо кампаниясына дал келип калат.

“Жаңы Кыргызстандын” жаңы мезгилдеги эски жүрүшү

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын курултайында Үсөн Сыдыков менен Исмаил Исаковдун ортосундагы чатакка да чекит коюлду окшойт. Белгилүү болгондой 2008-жылдын соңунда Үсөн Сыдыков менен президенттин ортосунда ырк келишпестик пайда болуп, анын аягы Үсөн Сыдыковдун президенттин кеңешчиси кызматынан кетүүсүнө алып келген. Ал кезде Үсөн Сыдыков ошол мезгилдеги президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловго да кескин оппозицияда болчу.

Мына ошондой шартта Сыдыков өз алдынча “оюн” жүргүзүү максатында Исмаил Исаковду алдыга алып чыгууну көздөгөн. Мына ошондуктан “Жаңы Кыргызстан” партиясы бийликти сынга алып, нааразылык акцияларга чыгууну да белгилеген.
Бирок соңунда Үсөн Сыдыков оюн өзгөртүп, анын натыйжасында Исаков экөөнүн ортосунда чатак чыкты. Сыдыков тизгинин тартып, бийликти карай ыктады. Ал эми Исаков алган жолунан кайра тартпай оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын түптөөчүлөрүнөн болду. Сыдыков анын мындай аракетин эки жүздүүлүк катары баалады.

Өз партиялашынын мындай айыптоосуна Исмаил Исаков азырынча жооп берүүнү да эп көрбөдү.

Ошентип, “Жаңы Кыргызстан” 8-майда курултайын чакырып, анда Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоду. Ал эми партиялашы Исмаил Исаковду колдоо турсун, аны партия катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары Марат Кайыпов партиянын максаты тууралуу мындай оюн ачыктады:

- Биздин саясий партия былтыр октябрь айында өзүбүздүн пикирди түз президентке чейин жеткирип айтканбыз. Өкмөттө, кээ бир министрликтерде, же болбосо президенттик администрациянын мурунку жетекчилигинде кандай кемчиликтерин болуп жатканын көрсөткөнбүз. Ошондуктан биздин саясий партия президентти колдоо менен бирге кандай кемчиликтер болсо ошону айтып туруу биздин негизги максатыбыз. Ошондон биз баш тартпашыбыз керек. Эгер чындыкты мамлекет башчысы же бийликте отургандар билбей калса анда туура эмес саясат болуп калышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG