Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Петровка жаңжалында камалгандарды бошотууга депутаттар кепил болушат


Бул тууралуу камактагы “Болуш” бейөкмөт уюмунун башчысы Сапар Арымбаевдин, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин жактоочулары жана туугандары Асел Аргымбаева менен Урумкан Бөлөкбаев “Азаттыкка” билдиришти. Алардын айтымында бир-эки күн аралыгында Бишкек шаардык соту укук коргоочу менен саясатчынын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочулардын арыздарын караганы жатат. Камактагыларга кепил болууга макулдугун Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары беришти деп билдиришти жактоочулар “Азаттыкка.” Аргымбаев менен Бөлөкбаев 26-27-апрелде Петровка чатагынын маалында кармалышкан. Аларды Коопсуздук Комитети камакка алып, Кылмыш Кодексинин “улуттар арасына от жагуу”, “тартипсиздик уюштуруу” беренелери менен негиздеп факт боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде тергеп жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG