Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Косово: жергиликтүү сербдер менен полиция кагылышты


Косовонун чыгышында жергиликтүү сербдер менен полициянын ортосунда кагылышуу орун алды. Болжол менен 300гө жакын косоволук сербдер электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразылыгын билдирип көчөгө чыгышкан. Митинг өтүп жаткан жерге келген полицияга демонстранттар таш ыргытып, натыйжада он полициячы жаракат алды. Негизинен сербдер отурукташкан бир катар кыштактын тургундары электр жарыгы Сербия тараптан келишин талап кылып, жарык үчүн косоволук компанияга акы төлөөдөн баш тартып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG