Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Грузия: президент менен оппозиция лидерлери жолугушат


Бүгүн Грузиянын президенти Михаил Саакашвили оппозициянын лидерлери менен Бишкек убактысы боюнча кечки саат 4тө жолугушат. Оппозициянын өкүлү Тинатин Хидашелинин айтымында, өлкөдөгү саясий кризисти талкуулоо үчүн уюштурулуп жаткан жолугушууга оппозициядан төрт лидер катышары күтүлүүдө. Өткөн аптада Тбилисиде оппозициянын тарапкерлери менен полиция ортосунда кагылышуу болуп, бир нече киши жаракат алган. Ишемби күнү миңдеген киши митинг өткөрүп, президент Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн талап кылган болчу.

XS
SM
MD
LG