Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

АКШда H1N1 вирусу дагы 278 кишиде табылды


АКШда H1N1 вирусу дагы 278 кишиде табылып, ошону менен чочконун тумоосуна 2 жарым миңден ашуун адам чалдыкканы аныкталды. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбордун маалыматына ылайык, чочконун тумоосу АКШнын 50 штатынын кырк төртүндө табылган. Чочконун тумоосу алгач катталган Мексикада 48 адам көз жумду. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бул вирус дүйнөнүн 29 өлкөсүндө катталып, ага 4 жарым миң киши чалдыкты. Кабарларга караганда, Канадада H1N1 вирусуна 286 киши чалдыкты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG