Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Казак инвесторлору соттошуу ишкерликке жолтоо болду деп капа


Бул тууралуу “Күрмөнтү цемент” акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Түлеген Сулейманов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Күрмөнтү цемент заводун жаңы технология менен иштетүү үчүн Ислам өнүгүү банкынан кредит алууга “Кыргызстан” банкынын жетекчилеринин обу жок каалоосу жолтоо болуп жатат. Күрмөнтү цемент заводунунун 83 пайыздык акциясын сатып алган Караганда асбес-цемент заводу кургак ыкма менен иштей турган жаңы технологияны ишке киргизүү үчүн Ислам банкынан 28 миллион доллар кредит алууга ниеттенген. Бирок 2003-жылы 478 миң доллар кредит берген “Кыргызстан” банкы мурда Жогорку Соттун чечими менен жабылган ишти кайра жандантып, бир жарым миллион доллар акча талап кылып жатканы тоскоол болууда. Тулеген Сулеймановдун айтымында, Күрмөнтү заводуна берилген 478 миң доллардын 428 миллиону Акаевдердин үй-бүлөсүнө таандык “Восток” ишканасына кеткенин Жогорку Сот аныктап, чечим чыгарган. Бирок азыр ал иш кайра жанданып Ислам банкы бере турган кредиттен кур жалак калтырган турат. Казак инвестору буга административдик басым жана телефондон берилген буйруктар катуу таасир берип жаткандыгын баса белгиледи. (BD)

XS
SM
MD
LG