Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Грузин президенти оппозиция лидерлери менен жолугат


Жолугушууда өлкөдөгү саясий тирешти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөрү күтүлүүдө. Оппозициянын өкүлү Тинатин Хидашелинин билдиргенине караганда, жолугушууга алар тараптан төрт лидер катышат. Оппозиция лидерлеринин бири, мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурабишвилинин айтымында, сүйлөшүүгө катышуучулар өлкөдөгү “терең саясий кризистен” чыгуу боюнча Михаил Саакашвилинин сунуштарын угууга даяр.

Грузин оппозициясы Тбилисиде президент Саакашвилинин кызматтан чегинүүсүн талап кылган нааразылык акциясын бир айдан бери өткөрүүдө. Ушул ишемби күнкү демонстрацияга да миңдеген адамдар катышты. Оппозициянын нааразылык акциясына чыккандар менен полиция өткөн аптада бир ирээт кагылыша кетишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG