Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

Пакистандын Сват өрөөнүндөгү чабуулда жок кылынган согушкерлер саны 700ге чейин жетет


Бул тууралуу Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик билдирди. Бирок анын айткандары башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек. Кечээ Пакистан армиясы Сваттагы чабуул учурунда жок кылынган согушкерлер саны 500гө чейин жетерин маалымдаган эле.

Кечээ коменданттык сааттын токтотулуусу он миңдеген адамдарга Сваттан Пакистандын түндүк-батышынын башка коопсуз аймактарына качуусуна мүмкүндүк берди. Улуттар уюмунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Сват өрөөнүнөн жана ага коңшу Буннер, Дир райондорунан эл 2-майдан тарта кете баштагандан бери качкындар лагерлери менен борборлордо 360 миңдей адам катталды.

Пакистан армиясы Сватта кеңири масштабдагы операцияны өткөн бейшемби күнү, талибдер талаштуу тынчтык келишиминин соңунан Сват өрөөнүнүн айланасындагы райондордо да көзөмөл орнотууга аракеттенгенден кийин баштаган. Бул аралыкта бүгүн жанкечти миналанган автоунаасын Пакистандын түндүк-батыш чек ара провинциясынын борбору Пешевар шаарынын жанындагы көзөмөл бекетте жардырып, алты адамды мерт кылды, бир нече киши жаракат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG