Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Рим Папасы палестин мамлекети түзүлүүсүн жактайт


Бенедикт XVI бүгүн Израилдеги сапарын баштап жатып, жөөт-палестин чатагын чечүү үчүн көз карандысыз палестин мамлекетин түзүүгө чакырды. Ватикандын жөөт-палестин чатагын эки мамлекет жолу аркылуу чечүүнү колдошу Израилдин азыркы өкмөтүнүн көз карашына дал келбейт. АКШдан жана башка өнөктөш өлкөлөрдөн көргөзүлгөн кысымга карабай Израилдин жаңы өкмөтү чатакты чечүүнүн кош мамлекет жолун колдоодон баш тартып келүүдө.

Алдыдагы төрт күн Израилди жана Иордандын оккупацияланган Батыш жээгин кыдыруусу учурунда Рим папасы Иса пайгамбардын өмүрү менен байланышы бар ыйык жайларга зыярат жасайт, ага катар жөөттөрдүн жана мусулмандардын ыйык жайларына да барат.

Израилдин президенти Шимон Перес бүгүн Папаны тосуп жатып, анын визити диндер ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана тынчтык алып келерине ишеним билдирди.

Бул – Рим католик чиркөөсүнүн башчысынын Израилге биринчи сапары жана ал Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны токтоп турган жана Израиль менен Ватикандын мамилеси анча жакшы эмес учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG