Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

АКШ, Британия Каддафинин резиденциясы туура эле бомбалангандыгын айтууда


Эки өлкөнүн коргонуу министрлери Ливия лидеринин резиденциясы мыйзам ченемдүү бута экендигин бышыкташты. Мунун алдыңкы күнү НАТОнун согуштук учактары бул туракту абадан бомбалашкан эле. Пентагондо британиялык кесиптеши менен жолуккандан кийин сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Коргонуу катчысы Роберт Гейтс бомбалоого карабастан, Каддафинин өзү бутага алынбагандыгын билдирди:

- Командалык жана көзөмөл борборлорун мыйзам ченемдүү бута деп эсептейбиз, биз аларды бардык жерлерде бутага алып жатабыз. Бул борборлордон Мисурата өңдөнгөн жерлерде гуманитардык укуктарды бузган күчтөр башкарылып жатат.

Британиянын коргонуу катчысы Лиам Фокс Гейстин сөзүн колдоп, “Каддафи оюн бүткөнүн канчалык эрте түшүнсө, ошончолук жакшы болот”, - деди.

XS
SM
MD
LG