Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

ИИМ: Беш күн ичинде 198 курал-жарак алынды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өткөргөн “Арсенал” аттуу беш күндүк текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө жарандардан 198 курал-жарак мыйзамсыз сакталганы үчүн, сактоо шарттары бузулуп, каттоо мөөнөтү өтүп кеткени үчүн алынды. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, текшерүү учурунда аңчылардын куралдары, уруксат берилген атайын обьектилердеги курал-жарактардын мыйзамдуулугу иликтенди. Текшерүүнүн жыйынтыгында 4 адамга кылмыш иши козголуп, 176 адам административдик жоопкерчиликке тартылды.

ИИМдин башкы штабынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 404 даана ок атуучу курал, 14 миңден ашуун курал-жарак бирдиктери алынды. Ошондо 2010-жылкы окуяларда жоголгон жана уурдалып кеткен курал-жарактардын ичинен кайра кайтарылгандарынын саны 552ге жетти. Буга чейин Кыргызстанда болгон акыркы окуялардын кийин элдин колунда 1100дөн ашык курал-жарак бар экендиги кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG