Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Чет өлкөлүктөр Кыргызстандан бала асырашына жол ачылды


Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнүн тарбиялануучулары, 25-апрель.
Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнүн тарбиялануучулары, 25-апрель.

Парламент жактырган мыйзамга өлкө президенти кол койсо, Кыргызстандык балдарды чет өлкөлүктөр асырай алышат. Аларга жардам берген ортомчу уюмдар өкмөттүн көзөмөлүндө болoт.

Мыйзамга ылайык эл аралык ортомчу уюмдардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн Кыргыз өкмөтү аларды каттоодон өткөрүп, лицензия берүү жолу менен көзөмөлгө алат. Мындай көзөмөл буга чейин болгон эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Балдарды коргоо департаментинин балдарды асыроо маселеси боюнча башкы адиси Жаңыл Сукенбаева айтып берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева чет өлкөлүктөрдүн бала асырап алуу эрежелеринде чынында эле буга чейин ушундай өксүк болуп келгенин белгиледи:

- Мурун юридикалык жактан өзүнчө боштук бар болчу. Билим берүү министрлиги жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кандайдыр бир эрежелерди киргизгенге укуктары бар эле. Бирок чынын айтканда "мобул мекеме уруксат берет" деген сөз мыйзамда жок болчу. Ошонун негизинде Билим берүү министрлиги, жергиликтүү бийлик мыйзамды өзү билгендей түшүнүп, ар кандай туура эмес иштер жасалып кеткенине баарыбыз күбө болбодукпу.

Балдарды саткан фактылар катталган

Балдарды асыроого чет өлкөлүктөргө берүүгө байланышкан бул маселе Кыргызстанда бала сатуу фактылары ачыкталгандан кийин көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын айрым депутаттары 2008-жылы бир нече коррупциялык схемаларды таап чыгып, анын негизинде башка өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстандан бала асыроосуна мораторий жарыяланган.

Балдарды асырап алуу үчүн адегенде Кыргызстандын өзүнүн жарандарына көрсөтүп, алар албагандан кийин гана башка өлкөнүн атуулдарына асырап алууга уруксат берилчү. Бирок тиешелүү органдар мыйзам бузуп, ден-соолугу жакшы балдарды да “мүмкүнчүлүгү чектелген” деп жаздырып чет өлкөлүк жарандарга саткан учурлар катталганын айтат депутаттык комиссияга мүчө болгон мурунку депутат Гүлнара Дербишева:

- Ден-соолугу жакшы эле балдар кетип аткан. Анткени, булар мүмкүнчүлүгү чектелген деген справканы жасап алып, Кыргызстандын жарандарына көрсөтпөй туруп, дароо чет өлкөлүк жарандарга берип салчу экен. Эми мунун баары акчанын айынан болуп атты да. Мисал үчүн бир баланы чет өлкөлүктөргө берүү менен 30 миң доллар киреше таап жатыптыр. Бул өзүнчө эле чоң бизнеске айланып калган экен. Ошондуктан, биз туура эле мораторий жарыялаган экенбиз деп ойлойм.

Дербишева бул мыйзам бузуулар боюнча ал кезде Башпрокуратура бир нече кылмыш ишин козгоп, бирок бирөөнүн да бетин ачпаганын кошумчалады.

Чет өлкөлүктөр оорукчан балдарды да алууга даяр

Чет өлкөлүк асыроону күтүп аткан балдардын 95 пайызы оорукчан балдар. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Дамира Ниязалиева билдирди. Анын айтымында, мындай оорукчан балдарды чет өлкөлүктөр багып албаса, Кыргызстандын жарандары албайт:

- Андай оорулуу балдарды биздин жарандар албайт. Эгер алгылары келсе азыр эле барышсын, көрүшсүн. Мисалы сифилис менен ооруган баланы ким алат? Анан бул балдардын арасында өтө кымбат, биздин өлкөдө эмес, чет мамлекетте операцияга муктаждары бар.

Балдарды коргоо департаментинин балдарды асыроо маселеси боюнча башкы адиси Жаңыл Сукенбаева болсо оорукчан балдарга чет өлкөлүк жарандар операция жасатып, жакшынакай бала кылып алышаарын айтат:

- Мисалы, нышан болуп төрөлгөн балдарды алар алганга макул болушат. Себеби, алар 2-3 операция менен эле жакшынакай бала болуп калышат. Нышан балдардын акыл-эси жайында да. Андан кийин тубаса жүрөк оорулуу болуп төрөлгөн балдарды алууга макул. Бул операциянын баасы биздин мамлекетте 50-60 миң сом турат. Муну биздин жарандардын ар бири жасатып ала албайт.

Балдардын органдары сатылып кетпейби?

Чет өлкөлүктөр алып кеткен балдардын ички органдары сатылып кетет деген айрым имиш сөздүн канчалык чындыгы бар, чет өлкөгө чыгып кеткен балдар аман-эсен, жакшы шартта жашайт деген кепилдик барбы деген суроолорго депутат Ниязалиева мындайча жооп берди:

- Мына азыр жоопкерчилик өкмөткө жүктөлдү. Ал жерде балдарды бергенге гана уруксат берилбейт, алар жоопкерчилик да алып жатышат. Чет өлкөлүк жарандар асырап алган балдар 18 жашка чыкканга чейин алардын абалын тактап билип турушат. Керек болсо бир жылда 2-3 жолу сүрөттөрдү, видеолорду жөнөтүп, кат жазып кабар алып-берип турушат.

Депутат мындай ишенимин өз тажрыйбасына таянып билдирди. Анткени 2008-жылы депутаттар АКШга барып, Кыргызстандан асыралып алынган балдардын турмушу менен таанышып келишкен. Алардын бири, мурдагы депутат Дербишева буга чейинки балдардын көпчүлүгүн америкалыктар асырап алганына токтолду:

- Биз ошондо кыргыз балдарды асырап алган 30 чакты америкалык үй-бүлөгө жолуктук. Чындыкты эле айтуу керек, биз көргөн үй-бүлөлөрдүн балдарынын жашоо-шарттары аябай эле жакшы болчу. Балдарга операциялар жасалып, ден-соолугу да жакшы болуп калган экен.

Мына ошентип, мыйзамдын демилгечилери эми бала асыроо иштерин өкмөт көзөмөлдөп, коррупциялык схемаларга жол берилбейт деп айтышууда. Өкмөт бул ишти канчалык деңгээлде көзөмөлдөйт, аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG