Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Килюнен кебин 3-майда айтат


Киммо Килюнен, июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы.
Киммо Килюнен, июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы.

Жергиликтүү айрым маалымат каражаттарына июнь калабасын иликтеген Эл аралык комиссиянын баяндамасынын үзүндүлөрү деп жарыяланып кеткен маалыматтарды өзүнүн баяндамасы катары тааныбасын комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен (Kimmo Kiljunen) “Азаттыкка” билдирди.

Жарыяланып кеткен бул маалыматтар азыр кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу-талаштарды жаратууда.

Килюнен интернеттеги маалыматтарды тааныбайт

Июнь коогалаңын иликтеген Эл аралык комиссиянын баяндамасынын үзүндүлөрү “24.kg” маалымат агенттигине жума башынан тарта жарыялана баштаган. Агенттикке үзүндүлөр кайсы булактан түшкөнү белгисиз.

Комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен (Kimmo Kiljunen) интернетке жарыяланган үзүндүлөрдү өз баяндамасынын бөлүгү катары тааныбасын билдирди:


- Мен ачыгын айтканда интернетте жарыяланган материалдарды тааныбаймын. Ал биздин баяндама эмес. Биз өзүбүздүн баяндаманын үстүндө иштеп жатабыз. Ал даяр эмес. 3-майда биз “Кабар” маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, ошол жерде расмий түрдө баяндамабызды жарыялайбыз.

Килюнендин айтымында, аларга кошумча дагы бир топ материалдар келип түштү. Мына ошолордун негизинде баяндама дагы бир сыйра каралып жатат.

Үзүндүлөрдө Убактылуу өкмөт айыпталган

Эл аралык комиссиянын баяндамасы катары интернетте жарыяланган үзүндүлөрдө июнь коогалаңынын алдын-ала албады деп Убактылуу өкмөт айыпталса, башаламандык, зордук-зомбулуктарды тыя албады деп Ош, Жалал-Абаддын коменданттары, Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү кескин сынга алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов ошол кезде ким бийликте болсо, өлкөдөгү кырдаалга ошолор жоопкерчиликтүү болоору табийгый иш катары баалады:

- Ошол окуяны болтурбай коюуда ким бийликте болсо, ошонун моралдык жана саясий күнөөсү болот. Аны ал (Эл аралык) комиссия эмес, башка комиссиялар деле айтып жатат. Бийликте ким болсо ошо өлкөсүндө болуп жаткан окуяларга жооп бериш керек.

Курманбек Осмоновдун айтымында, ал мүчөсү болгон депутаттык комиссия да өз иликтөөсүн аяктап, учурда жыйынтыктоочу маалымдаманы даярдап жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган үзүндүлөр Кыргызстанда көптөгөн карама-каршы пикирлерди жаратты. Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров жана Кубатбек Байболов комиссиянын баяндамасын объективдүү эмес катары бааласа, Темир Сариев июнь окуясы үчүн жоопкерчилик Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүндө деген пикирин билдирген.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдардын коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова баяндама толук жарыялангандан кийин гана кандайдыр бир баа берүүгө болорун билдирет:


- Негизинен биз азыр баа берип, талкуулаганыбыз туура эмес деп ойлоймун. Анткени бул деген кичинекей баяндама эмес, ал чоң баяндама. Ошону биз толук көрүшүбүз керек. Азыр толук маалыматты билбей туруп, баа берүү эрте.

Ошурахунованын пикиринде, маалымат каражаттарына жарыяланган үзүндүлөр расмий болбой жатат. Бул жагын да эске алуу зарыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева үзүндүлөрдүн “24kg” булагына кандай жолдор менен келип түшүүсүн УКМК иликтеш керек деп, Килюнендин комиссиясынын баяндамасы менен тааныш экендигин кошумчалады:

- Бул документ биздин колубузга дагы келип түшкөн. Ош окуясын иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын төрагасынын орун басары катары мен албетте макул эмесмин булардын жыйынтыгы менен. Булар бир тараптуу жыйынтык чыгарып коюшкан. Киммо Кильюнен чындыгында эле кыргыз тараптан көптөгөн жабыркагандар менен жолугушуу өткөргөн эмес. Экинчиден, эмне себептен комиссиянын корутундусундагы маалыматтары “Чөөнүн убактысы” деген китепте жүрөт?

Жолдошеванын айтымында, анын маалыматы боюнча ал китеп Финляндияда басылган. Ал эми Эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен да фин жараны.

Киммо Килюнен ал китепти көргөнүн, бирок Финляндияда көптөгөн китептер басылып чыгаарын, ошондуктан анын ага эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.

Жогоруда айтылгандай, Эл аралык комиссиянын корутунду баяндамасы 3-майда Бишкекте жарыяланат. Мына ошондо көптөгөн суроолорго жооп болоору күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG