Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

КТРК тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу өттү


Бүгүн Жогорку Кеңеште “Коомдук телерадио корпорация тууралуу” мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу өттү. Анда КТРКнын башкы деректири Кубат Оторбаев аталган корпорацияда жасалган иштер тууралуу маалымат берип, жаңы мыйзам долбоор КТРКда башталган реформаларга бөгөт болоорун айтты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” мыйзамды кабыл алууга каршы чыккандарды саясий ызы-чуу менен алектенүүдө деп айыптап, бул жөн гана мыйзамдаштыруу жараяны экенин айтты.

КТРК тууралуу мыйзам долбоорду парламент биринчи окууда жактырган. Эми экинчи окууда Убактылуу өкмөттүн КТРКнын Байкоочу кеңеши тууралуу декретин калтыруу же жокко чыгаруу маселеси чечилет. (EBM)

XS
SM
MD
LG