Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

АКШ: Леон Панетта жаңы коргоо министри болот


Борбордук чалгын агенттигинн башчысы Леон Панетта азыркы коргоо министри Роберт Гейтти алмыштырат. Гейт буга чейин ушул жылы министрлик кызматтан кете тургандыгын жарыялаган. Ак үйдөгү булактарга таянган маалымат каражаттары эми Борбордук чалгын агенттигин Ооганстандагы эл аралык коалициялык күчтөргө жетекчилик кылган генерал Девид Петреус ээлерин айтып чыгышты. Кызматтык дайындоолор ушул жайда ишке ашышы мүмкүн.

Президент Обама Ооганстанга генерал Жон Алленди генерал Петреустун ордуна, ал эми дипломат Райан Крокерди АКШнын элчиси кылып дайындайт деген маалымат дагы тарады.

XS
SM
MD
LG