Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Башкы прокуратура: Улуттар ортосуна от жаккан маалыматтар жарыяланбашы керек


Башкы прокуратура улут аралык араздашууга алып келген маалыматтарды таркаткандар жоопко тартыларын эскертүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Талантбек Конокбаев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, мындай эскертүү акыркы мезгилде айрым маалымат каражаттарында жана интернет-сайттарда улут аралык мамилени козутуучу материалдардын жана пикирлердин көбөйүшү себеп болууда. Мындан улам Башкы прокуратура Конституцияга ылайык мындай маалыматтарды таркаткандар ким болбосун жоопко тартыларын билдирүүдө.

Буга чейин июнь окуясын баяндаган “Чөөнүн сааты” аттуу китеп жана видео тасма чет өлкөдө чыгып, тасма интернет булактарына таркалганы маалым болгон. Башкы прокуратура бул китепте жазылгандар бир тараптуу берилгенин билдирип, Кыргызстандын аймагында чыгарууга жана сатууга тыюу салган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG