Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Бахрейнде оппозициянын төрт мүчөсү өлүмгө буйрулду


Бахрейндин аскердик соту анти-өкмөттүк тополоңдун төрт катышуучусун өлүм жазасына тартты. Алар 16-мартта болгон демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышында эки полициячыны өлтүрдү деп айыпталды. Дагы үч адам өмүр бою эркинен ажыратылды.
Суннилер башкарган Бахрейнде февралдын ортосунда шиит-оппозициясы жетектеген анти-өкмөттүк чыгуулар башталган. Тополоңду басуу учурунда кеминде 20 адам набыт болгон. Элдик козголуш өлкөгө негизин саудиялыктар түзгөн коңшу өлкөлөрдүн аскерлери кирген соң токтотулган. Адам укугун коргоочулардын ырасташынча, марттын ортосунда Бахрейнде чукул кырдаал абалы жарыялангандан бери оппозициянын жүздөгөн лидерлери камакка алынган. Алардын көпчүлүгү шииттер.

XS
SM
MD
LG