Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Султановдун үйүндөгү жардыруу боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы “Азаттыкка” тастыктады. Кылмыш иши “жардыруу” фактысы боюнча козголду. Бул иш боюнча тергөөнү Башкы прокуратура жүргүзөбү же УКМКга берилеби азыр такталууда. УКМК жөнөткөн маалымка ылайык, оперативдүү-тергөө тобу депутат Марат Султановдун үйүн кароо учурунда анын жер төлөсүнөн жана чатырынан дагы башка жардыргыч зат табышкан эмес. Окуя УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан иликтенип, жарылган заттын күчү, көлөмү такталууда. Жарылуудан жабыркагандар болгон жок.

Султановдун үйүнө белгисиз бирөөлор жардыруу уюштурганын Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Садыр Жапаров маалымдаган. Айрым маалымат булактары "Ата-Журт" партиясы Марат Султановду президенттик шайлоого даярдап жатканын жазып чыгышкан. Султанов өзү бул окуяга саясий ишмердиги себеп болушу ыктымалдыгын четке какпастыгын "Азаттыкка" билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG