Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

БУУ: Ливияны азык-түлүк кризиси күтүүдө


Ливиянын азык-түлүк кору толуктулбаса жана тамак-аш менен камсыздоого жардам берилбесе, эки ай ичинде өлкөдө азык-түлүк кризиси башталат. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын региондогу башчысы Дели Белгасминин 28-апрелде маалымдашынча, Ливиянын азык-түлүк кору 45-60 күнгө гана жетет жана азыр 600 миңдей ливиялык тамак-аш жардамына муктаж. Ливияда анти-өкмөттүк козголуш башталганда айыл чарба тармагында иштеген жарым миллион чет элдиктин чыгып кетүүсү абалды начарлатып жиберген. Өлкө азык түлүктүн теңинен көбүн сырттан алчу. А Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр менен адаватчылардын согушу Ливияга тыш өлкөлөрдөн тамаr-аш ташууну үзүлтүккө учураткан.

XS
SM
MD
LG