Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

НАТОнун аба чабуулу ливиялык 12 адаватчыны катардан чыгарды


НАТОнун авиачабуулунан ливиялык 12 козголоңчу курман болду, дагы 40тай адам жараат алды. Окуя кечээ шаршемби күнү Ливиянын батышындагы Мисрата шаарында болгон. Камоодогу шаарда Каддафиге ишенимдүү күчтөр менен адватчылардын согушу жүрүүдө. 28-апрелде көтөрүлүшчүлөрдүн Убактылуу улуттук кеңешинин өкүлү Шамс эл-дин Абдумулла:”Согушта жаңылыштыктар болот, андан качуу кыйын”, - деп билдирди. Жаңылыш авиачабуул боюнча НАТО түшүндүрмө жасай элек.

Бул марттын аягында НАТО Ливиядагы аскерий операцияны жетектей баштагандан берки үчүнчү окуя болду.

XS
SM
MD
LG