Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

МАГАТЭ: Сирия ядролук реактор курганга аракеттенген


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ билдиргенге караганда, Сирия жашыруун ядролук реактор курганга аракет кылган. МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано 28-апрелде Парижде сүйлөп, беш жыл мурда израилдик учактар бомбалаганда “Сирия реактор курулуп жаткан” деп айтканын Associated Press агенттиги кабарлады. Мурда МАГАТЭ бомба реакторго урулган болушу мүмкүн деген боолгоосун айткан. Сирия 2008-жылдан бери МАГАТЭни бомба урулган жайга киргизбей, жашыруун атомдук бомбанын үстүнөн иштегенин танып жүрөт.

XS
SM
MD
LG