Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

АКШда торнадо аз дегенде 250 кишинин өмүрүн алды


Өлкөнүн түштүгүнө кыйракан салган жаратылыш кырсыгы 40 жылга чукул убакыттан берки эң каргашалуу бороон-чапкын деп мүнөздөлүүдө. Айрыкча Алабамада абал оор, мында акыркы күндөрү 162 киши набыт болду. Жоржиа, Теннеси, Миссисипи, Виржиния штаттарында да курмандыктар бар. АКШнын Улуттук аба ырайы борборунун маалыматына ылайык, бороон-чапкын башталган өткөн аптадан бери 300 торнадо катталса, алардын 150 чактысы шаршембиге туура келди. Алабамада чукул абал жарыялаган Президент Обама ал жакка жума күнү баратат.

XS
SM
MD
LG