Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

Дүйшөбаев: Террорчулар лагеринде кыргызстандыктар машыгууда


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн парламенттин жыйынында Пакистан менен Ооганстандагы террорчуларды даярдаган лагерлерде 200-400дөй негизинен өзбек тектүү кыргызстандык жарандар машыгуудан өтүп жатат деп билдирди. Дүйшөбаевдин айтымында, алар июнь коогасынын кийин барышкан. "Чет өлкөдөгү айрым жикчил күчтөр Кыргызстандагы абалды бейстабилдештирүүгө кызыкдар, УКМК жикчилдик аракеттердин алдын алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатат", дейт Дүйшөбаев. Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда коопсуздук жана чек арага байланышкан маселелерди талкуулап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG