Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Сириянын бир катар шаарларында демонстрация өтүп жатат


Маалыматка караганда, Латакия шаарында полиция демонстранттарга ок ачты. Дагы 3-4 шаарда эл көчөгө чыгышты. Тыюу салынган "Мусулман Агайындар" уюму сириялыктарды бүгүн демонстрацияга чыгууга үндөгөн. Мындан алты жума мурдараак Сирияда президент Башар ал-Ассаддын режимине каршы, демократия жана эркиндикке үндөгөн көчө акциялары башталган. Укук коргоо уюмдары алты аптадан бери Сириянын коопсуздук күчтөрү 500дөн ашуун демонстрантты өлтүргөнүн айтышууда. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кырдаалды бүгүн Женевадагы чукул отурумунда талкуулайт.

XS
SM
MD
LG