Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Кыргызстандын түндүк-чыгышында жер термелди


Сейсмология институтунун Ыкчам маалымат бөлүмүнүн кызматкери Асылкан Талпиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн саат 8:31де болгон жер термелүүнүн чордону Алматы шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 65 чакырым, Бишкектен түндүк-чыгыш тарапка 250 чакырым алыстыктагы Казакстан аймагында жайгашкан. Очокто силкинүү күчү 6,5 баллга жетип, Ысык-Көл облусунун түндүк аймагында 3-4 балл, Балыкчы, Каракол шаарларында 3 балл, Кант жана Бишкекте 2-3 баллга жетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өмүрүнө жана турак-жайга зыян келгени каттала элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG