Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Ливия өкмөтү элчиликтердин талкаланышына өкүнүчүн билдирди


Ливиянын өкмөтү Британия жана Италиянын элчиликтерине жасалган чабуулга байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Тышкы иштер министрдин орун басары Халед Каим полиция кыжырданган элди токтото албаганын билдирди. Аламандаган топ Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин баласы НАТОнун аба соккусунан каза тапканын угуп, элчиликтерге карай жылган. Элчиликтерде ал убакытта эч ким жок болчу. Британия жооп катары Ливиянын Лондондогу элчисин өлкөдөн чыгарып жиберди. Ал аралыкта Орусиянын Тышкы иштер министрлиги НАТОну “ашыкча күч кодонгондугу” үчүн айыптады жана альянстын күчтөрү Каддафини же анын үй-бүлөсүн бутага алган эмес деген ырастоолоруна күмөн саноосун билдирди. Министрлик “ок атышууну дароо токтотууга, кризисти саясий жол менен чечүүгө” үндөдү.

XS
SM
MD
LG