Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Пакистанда 4 полициячы набыт болду


Пакистанда куралчан адамдар полициянын 4 кызматкерин өлтүрүп, НАТОнун күйүүчү май ташыган 6 унаасын өрттөп жиберишти. Кол салуу Исламабаддан 60 километрдей алыс жайгашкан Атток деген жерде болгону кабарланууда. Жергиликтүү полициянын өкүлү Саид Мехмуддун айтымында, куралчандар адегенде цистерналарды аткылап, кийин полициянын бекетине чабуул жасашкан. Согушкерлер НАТОнун Ооганстандагы контингентине май тарткан унааларды бутага алган учурлар көп болот.

XS
SM
MD
LG